www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Джо Байден Трамптын акталышы боюнча билдирүү жасады

«Капитолийдин чабуулу Кошмо Штаттардын тарыхындагы кайгылуу барак болуп саналат жана Дональд Трампка коюлган айыптардын маңызы шек туудурбайт», - деди АКШнын президенти Джо Байден Сенаттын мурдагы президентти актоо чечимин комментарийлеп жатып.

«Акыркы добуш берүү соттолууга алып келбесе дагы, коюлган айыптын мүнөзү шек туудурбайт», - деди Байден.

Алар козголоңго үндөгөндүктөн Трампка импичмент жарыялоону каалашкан, бирок бул сунуш Конгресстин жогорку палатасынын көпчүлүк мүчөлөрүнүн колдоосун тапкан жок. 57 сенатор «макул» деп добуш берди жана чечим кабыл алуу үчүн жүз добуштан 67 добуш талап кылынган.

Байден импичмент жарыялоого добуш бергендердин жетөө республикачылар болгонун эске салды.

«Сенаттын азчылыгынын лидери Макконнел сыяктуу соттолууга каршы болгондор дагы, Дональд Трамп» өз милдетин так аткарбаганы үчүн жана Капитолийдеги зомбулукка «түрткү бергендиги үчүн» иш жүзүндө жана моралдык жактан жооптуу деп эсептешет», - деп кошумчалады Байден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости