www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-февралда сүйүшкөндөрдүн күнүнө каратат Али Токтакунов менен Улан Үсөйүн "акыйкатты" айтымыш болуп митингге чыкты. Бул көрүнүштү коомчулук жакшы кабыл алган жок. Журналист Дайырбек Орунбеков: 

--Кыргызстан жакында өнүкпөйт, ал тургай улут болуп калыптана элекпиз, өз алдынча эл деле боло алгыдай эмеспиз. Күндө митинг, "вы уже заебали!" Тынч жашайбызбы урматтуу бузукулар? 30 жыл эгемендиктин, тынчтыктын кадырын баалаган жокпуз. 70 жыл "к.ттү" кысып, баш ийип жашаганбыз, андан мурда Кокон бийлигине салык төлөп, алардын карамагында. Сөзсүз эле башка элге көз каранды болуп жашаганда тынч отурабызбы? Анан кыргызды мактантып эле койсо, любой кыргызды сурасаң чоң атасы бай, бардар, манап болуп, 1 айылды башкарган же 1 койдун этин бүтүн өзү жеп салган баатыр. Оңололу деген эч ким жок. Бары эле саясатчы, барынын талабы чоң, тилеги ызы-чуу, митинг. Бийликти, мамлекетти сыйлоо деген нөл! Кайра бийликти сындап, сөгүп, жемелеп жана кемсинтип сүйлөгөн бейбаш, чмолорду кумир тутуп жашап жатабыз. Өнүгүү бул - тартип, бири-бирин урматтоо жана ишеним. Бизде анын бири жок. Мамлекеттик бийлик органдарын сыйлоо керек десен, "кошоматчы" дешет. Кайсы бир "чмо" түз эфирге чыгып алып кыйкырса "Ой баатыр экен" деп мактайсыңар. Анализ кылбайсыңар. Ээрчиме эл болдук, тынчы жок. Бул кетиште дагы тополоң чыкчудай, бийликке жетпей калгандар дагы шылтоо таап көчөгө чыгышты. Кыргызстанды өнүктүргүнөр келип жатса инвестиция тарткыла, сунуш бергиле, иштегиле, күн сайын салпактап элдин психикасына ойнобой", - деп социалдык баракчасына жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости