www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жапыкеев соттон Кубанычбек Жумалиевдин аброюна шек келтиргени үчүн утулган», - деди бүгүн, 14-февралда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.

- Токтайым эже, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев УКМК камакка алгандан бери коомчулукта талкууга алынууда. Аны «өч алуунун курмандыгы болду» деген пикирлер айтыла баштады. Чын эле ал саясий куугунтукка кабылып, ушундай абалга кептелдиби же бул жерде башка маселе барбы?

- Биринчиден, каралып жаткан тергөө ишине баа берүү кыйын. Анткени, тергөө ишинде ачык жана жабык кандай дооматтар коюлуп жатканын билбейбиз. Ошон үчүн андай же мындай деп бир жактуу айтуу оор. Негизи Кубанычбек Жумалиевди камакка албай «сыртка чыгууга болбойт, чек арадан өтпөсүн» деген чектөө менен эле суракка алышып, тергөө жүргүзүшсө болмок.

Анткени, Кубанычбек Жумалиев качып кетмек эмес. Анын жашаган жери, иштеген жери бар, белгилүү адам. Ага деле башка депутаттарга берилген жеңилдиктерди берип, камаксыз эле тергөө ишин жүргүзүшсө болмок. Көп эле депутаттар эркиндикте жүрүп эле сурак берип жүрүшөт го. Жумалиевге деле ошондой мүмкүнчүлүк беришсе калыстык орун алмак.

Тагыраагы, дипломатиялык жана жөнөкөй паспортун алып коюшкандан кийин ойлонбой эле үй камагына чыгарышса, документсиз кайда кетмек эле. Тилекке каршы, мыйзамда көрсөтүлгөн жеңилдиктерди да колдонбой өч алып, саясий куугунтуктун боёгун сүртүп жатышкансыйт. Сыягы, Финполициянын башчысы Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевге эрегишип калганы көрүнүп эле турат. 

- Финполиция койгон дооматтарга ынансак болобу?

- Бир жактуу каралоо күч алганына караганда Финполициянын коюп жаткан дооматтары күмөндүү деген пикирлерге ынанам. Тагыраагы, булар соттошушкан. Ич ара кызыкчылыктары, келишпестиктери бар. Жапыкеев соттон Кубанычбек Жумалиевдин аброюна шек келтиргени үчүн утулган. Ал чечимди жокко чыгарылганы жөнүндө уккан жокмун. Ошон үчүн Финполиция койгон дооматтар такталбай, күмөн жараткан бойдон калса, Сыймык Жапыкеев кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн жеке кызыкчылыгынан улам куугунтук кылган болуп калат.

- УКМКнын камаганы Финполициянын дооматына ишенгениби?

- Акыркы мезгилде УКМК майдаланып, бардык ишке кийлигише баштады. Чынында алар ички, тышкы коопсуздук боюнча иш кылышы керек эле. Кызыкчылыктар болгон үчүнбү бардык ишке аралаша башташты. Тагыраагы, жөнөкөй пара алууга шектелген, алдамчылык кылган деген иштерге чейин кирип кетишти. Ал эле эмес, мыйзамды эске албай кодекстеги жеңилдетилген чараларды колдонбой камоону гана максат кылып калышты. Чынында мүлктөрүнүн баарына арест коюп, чектөө киргизип койсо эле, Жумалиевди камоонун кажети деле жок болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости