www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп келечекте өзүнүн ордун басышы мүмкүн болгон саясатчылар катары вице-президент Жей Ди Вэнс менен мамлекеттик катчы Марко Рубионун атын атады.
Бул тууралуу Трамп Ак үйдүн Роз бакчасында полиция кызматкерлеринин жумалыгына арналган кечки иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, бул эки саясатчыдан “каалагандай команда” түзүлүшү мүмкүн. Бирок Трамп бул оюн кеңири түшүндүргөн жок.
“Шайлоо бюллетенинде «Жей Ди Вэнс жана Марко Рубио» деген аталыш жакшы угулат. Экөө тең мыкты талапкерлер. Менимче, бул эң жакшы команда болмок, бирок айрым майда маселелер бар”, — деди Трамп.
Мындан тышкары, “Политико” басылмасы 24-апрелде Ак үйдө Марко Рубиону 2028-жылдагы президенттик шайлоодо мүмкүн болгон талапкер катары олуттуу карап жатышканын жазган.