www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев М.М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна барып, медициналык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Алгач Төрага биринчи жолу боор алмаштыруу операциясын ийгиликтүү ишке ашырган дарыгерлер менен баарлашып, аталган операцияны башынан кечирген бейтаптардан да кабар алды.
Тарыхый операцияны жогорку деңгээлде жүргүзгөн ак халатчандарга ыраазычылыгын билдирген Марлен Маматалиев: «Сиздер кыргыз медицинасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түздүңүздөр. Бул тажрыйба жүздөгөн мекендештерибиздин өмүрүн узартып, саламаттыкты сактоо тармагыбыздын өнүгүшүнө чоң түрткү берет», – деди.
Ошондой эле Төрага медайымдарды бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктап: «Адам өмүрүн сактоо, бейтапка кам көрүү жана коомдун саламаттыгын чыңдоо – эң жоопкерчиликтүү жана ыйык кесиптердин бири. Бул тармакта медайымдардын орду өзгөчө. Анткени бейтаптын жанында күнү-түнү болуп, анын сакайып кетишине дем берип, мээримин төккөн дал ушул сиздерсиздер. Медайымдык кесип – бул жөн гана кызмат эмес, бул чоң сабырдуулукту, адамгерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кылган ыйык миссия», – деп кошумчалады.
Муну менен катар алдыңкы медициналык кызматкерлерге Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырып жатып: «Тармакты өнүктүрүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Акыркы жылдары тармакка бөлүнгөн каржылоо көбөйүп, медициналык мекемелер жаңыланып, заманбап жабдуулар алынып, медицина кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда. Айрыкча, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта дарыгерлердин жана жалпы эле медицина кызматкерлеринин айлык маяналарынын жогорулатылышы – бул тармактагы эмгекти баалоонун жана колдоонун ачык көрүнүшү», – деди Төрага.
Андан тышкары, борбордун ишин көрүп, медициналык жабдуулардын абалы менен да таанышты.
Дарыгерлер трансплантология бөлмөсү чакан экенин айтышып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын көтөрүү максатында аны чоңойтуп берүүнү өтүнүштү. Ошону менен катар оорукананын бир бөлүгү эскиргендиги белгиленип, жаңылап берүү суранычы да көтөрүлдү.
Төрага айтылган маселелер боюнча тийиштүү иштерди алып барарын билдирип, оңдоп-түзөө иштерине тармактык комитет менен бирге көмөктөшөрүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, Төрага менен бирге депутат Гүлкан Молдобекова баштаган Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин мүчөлөрү Гүлнара Баатырова, Улукбек Карыбек уулу, Советбек Рустамбек уулу, Айгуль Ахмедова, Мавлюда Калбердиева, Джайлообай Нышанов, Гүлжан Сатиева, Эдита Тайгараева жана Жылдыз Эгенбердиева барды.