www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТжБМК) төрагасы Дастан Догоев отставкага кетүү тууралуу арызын жазды. Ал кызматтан кетүүгө АКШнын байыркы окуу жайы — Гарвардга окууга өткөнү себеп болгонун жергиликтүү басылмаларга айтты.

«Гарвард университетинде билим ала турганым боюнча маселени президент менен да, премьер-министр менен да макулдаштым. Мындай мүмкүнчүлүк өмүрдө бир гана жолу келээрин эске алуу менен жетекчилик мени бул маселеде колдоду, бул үчүн чоң ыраазычылык билдирем», — деп айткан Догоев.

Догоев гранттык негизде Джон Ф. Кеннеди атындагы мамлекеттик башкаруунун Гарвард инстутунун бир жылдык магистратура программасына тапшырган.

Окуудан толугу менен колу бошобогондугуна байланыштуу Догоев мамкомитеттин башчылык кызматынан кетүүнү чечкен, бирок ал президенттин санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси бойдон калып жатканын билдирген.

«Бүгүнкү күндө, санариптештирүү боюнча коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык керектүү ресурстар каралган, тиешелүү база түзүлгөн, санарип транформация боюнча эффективдүү башкаруу системасы иштеп жатат, ошондой эле, мамлекеттин, жеке сектордун жана донордук коомчулуктун өз ара аракеттешүүсү жогорку деңгээлге жетти», — деп белгиледи Догоев.

Дастан Догоев МТжБМКнын төрагалык кызматына 2019-жылдын 29-майында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин сунуштамасы боюнча дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости