www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус азаймак түгүл барган сайын көбөйүп, өкүнүчтүүсү өлүмгө дуушар болгондордун да саны арбып баратат. Мына ушул маселенин алкагында ветеринар илимдеринин кандидаты, вирусолог Узакбаев Талант Макишович менен баарлаштык.

--Талант мырза, күн ысыса деле коронавирус жоголбойт го. Ал канча градус ысыкта жашай албай калышы мүмкүн? Бул вирус эмнеси менен кооптуу?

--Коронавирус сырткы чөйрөдө 28 градустан жогору ысыкта бир саатта өлөт деген маалыматтар бар. Ошондой эле 70-80 градус ысыкта турган жеринен өлөт деп айтылат. Ошол жагына эске алганда коронавирус күн ысыса биротоло жок болбосо да, вирус азаят деген үмүтүбүз бар.

Коронавирустун кооптуулугу ага каршы куралдын жоктугунда. Тагыраагы, бул вирусту биротоло жок кылып сала турган же алдын ала турган ок дарыбыз, куралыбыз азырынча жок болуп жатат. Коронавирус организмге киргенден кийин бактерияларды козгоп, эски оорууну күч алдырат экен. Учурда симптоматикалык дарылар менен симптомдорун гана дарылап жатабыз. Бул вирус эски ооруларды козгоп, анын кесепетинен адамдар өлүп жатат. Келечекте спецификациялык дарылар, вакциналар чыгат. Ага чейин симптомдор менен күрөшүүгө аргасызбыз.

--Коронавирус көз аркылуу да жугат деген маалымат тарап жатат го?

--Көз аркылуу да жугушу толук мүмкүн. Инфекция кайсы жерден кире алса, ошол жерден жугуп өрчүйт. Анткени, коронавирус көз, мурун, ооз аркылуу да жугаары айтылууда.

--Айрым адистер коронавирус кайталанбайт десе, кээ бири экинчи эмес, үчүнчү толкуну болушу мүмкүн дешет. Кимисине ишенсек болот?

--Коронавирусту кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, бул вирус дүйнө жүзүндө циркуляция болуп жүрөт. Ошон үчүн жоголуп кетпей кайталанышы толук мүмкүн. Себеби, коронавирус жашаганга ыңгайлуу бардык шарттар бар. Ал адамдын организминде комфорту сезип жаткандан кийин сөзсүз жугат.

Мындан кийин кайталанса, симтомдору азыркыдан башкача болушу мүмкүн. Адам келечекте чыккан вакцинадан алса, организм күчтөнүп, вирус менен күрөшүүгө аны жеңүүгө камылга көрөт. Ошондой мезгилде вирустун коркунучу азайышы мүмкүн. Вирусту алсыраткан, жок кылган спецификалык дарылардын көбөйүшү менен адамдын организми вирустан күчтүү болушу ыктьшал.

--Социалдык сеттерде мага бир тоголок дары бербей туруп, айыгып чыкты дегендердин тизмесине кошуп жатат деген да видеолор тарап кетти го?

--Социалдык сеттерде мага бир да дары берген жок дегендерге ишене бербейм. Анткени, дары бербей кантип жаткырып коюшмак эле. Мүмкүн диогноз коюлгуча жаткандыр. Мүмкүн андан коронавирустун белгилери байкалбай калгандыр. Ошон үчүн дарылашпагандыр. Оорунун белгилери байкалбаганы адамдын өзү үчүн жакшы да. Ошон үчүн социалдык сеттерге элге туура эмес маалымат бергенден алыс болушубуз керек. Ансыз да медиктерибиз оор шартта күнү-түнү иштеп, өздөрү да илдетти жугузуп, ченебеген азап тартып жатышат. Аларга сокку урбай колубуздан келсе, жылуу сөз айтып, жок дегенде моралдык колдоо көрсөтүп туралычы.

--Мамлекет акча алыш үчүн эле жоктон бар кылып, жомок кылып жатышат деген пикирдегилер да арбын го...

--Бул вирус жок эмес, бар. Жомок эмес, андан дарыгерлер да жабыркап, акыбалы оор болмок турсун бул дүйнө менен коштошкондору да бар. Жасалма жол менен вирус чыкты деп эч ким акча алууну максат кылбаса керек. Илгери куш тумоосу чыкканда дагы ушундай кептер болгон. Бирок, ал мынчалык жайылган эмес. Коронавирус адамдын эле ден соолугу эмес, дүйнөлүк экономикага да сокку уруп, көп мамлекеттин шайын оодарып, паралич кылып, кыйын абалга кептеп койду го.

--Коронавирус ойлонуп табылган вирус деген да варианттар арбын. Бул маалыматтын чындыгы барбы?

--Ойлонуп табылган вирус да болушу мүмкүн. Бирок, ким ойлоп тапса дагы токтотконго күчү жетпей калган. Ошон үчүн дүйнөлүк экономикага чоң сокку урду. Эми вирус келгенге чейинки вирустан кийинки абалыбыз дегендей жашообузда өзгөрүү байкалып калышы ыктымал.

Булак: Майдан.kg

Последние новости