www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билет баасы 40 миңге чейин: Шакира Бишкекке келет

2026-жылдын 18-октябрында Бишкекте дүйнөгө белгилүү ырчы Shakira концерт берет. Бул анын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Тумабаев билдирди.

Бишкек шаары ырчынын Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк гастролдук турунун маршрутуна кирди. Концерттин программасында Шакиранын ар кайсы жылдардагы белгилүү хиттери жана жаңы Las Mujeres Ya No Lloran альбомундагы ырлары аткарылат. Шоу масштабдуу сахналык коюлуш, хореография жана заманбап визуалдык эффекттер менен коштолот.

Билеттерди сатуу 2026-жылдын 1-октябрында саат 09:00дө Бишкек убактысы боюнча башталат. Билеттерди ticket.gov.kg сайты аркылуу сатып алууга болот. Расмий билет оператору — GovTicket.

Билеттердин баасы:

Фан-зона — 40 000 сом;

Бий аянтчасы (танцевалдык партер) — 27 000 сом;

Skybox — бир адамга 30 000 сом;

Отургучтагы орундар — 13 500 сомдон 40 000 сомго чейин;

Көрүнүшү чектелген орундар — 12 000 сом.

Сахна стадиондун чыгыш трибунасынын алдында жайгашат. Сахнанын артындагы орундар көрүүчүлөр үчүн жабык болот.

Премиум категориядагы VIP-билеттер кийинчерээк чектелген санда сатыкка чыгарылат. Алардын баасы уюштуруучулар тарабынан кошумча жарыяланат.

Последние новости