www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда саясатчы Мавлян Аскарбековдун иши боюнча сот өкүмү чыкты.
Сот Аскарбековду күнөлүү деп таап, 2 жылдык эркинен ажыратуу жазасын чегерген чечим чыгарды.
Мындан тышкары, сот камакта кармалган мөөнөттү «бир күнгө эки күн» тартибинде эсептеди.
28-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда прокурор абактагы саясатчы Мавлян Аскарбековду төрт жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.
Эске салсак, Аскарбековго Фейсбуктагы билдирүүсүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылган.
Анын кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына өзү тууралуу провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазган.