www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызкөмүр» ААК быйыл күз-кыш мезгилине Кара-Кече көмүр кенинен 1,5 млн тоннага жакын көмүр даярдоону пландоодо.
Бул тууралуу ишкананын башкы директору Рустамбек Садыралиев «Кабар» агенттигине билдирди.
Анын айтымында, июль айынан сентябрга чейин кенден 388 миң тоннага жакын көмүр казылып алынды. Дагы 1 млн 135 миң тоннага жакын көмүрдү жөнөтүү пландалууда.
Учурда Кара-Кече кенинде 300 миң тоннадан ашык көмүр казылып, жүктөөгө даяр турат.
«Кара-Кече кенинде көмүр жетиштүү. Көмүрдү базаларга жеткирүү жеке ташуучулар тарабынан жүргүзүлөт. Ташылып жаткан көмүрдүн көлөмү калктын суроо-талабына жараша өзгөрөт», — деди Садыралиев.
Ишкананын жетекчиси жарандарды суук түшкөнгө чейин көмүр камдап алууга чакырды. Анын айтымында, аба ырайы сууктаганда көмүргө болгон суроо-талап жана транспортко түшкөн жүк көбөйөт.
Көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленип, аймактарга чейинки аралыкка жараша өзгөрөт.
Учурда Бишкек шаарындагы базада көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сомдон сатылууда.