www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси өтөт

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналат.

Көргөзмөдө айыл чарба продукциялары социалдык баада сатылып, асыл тукум мал, балык чарбасы жана айыл чарба техникалары көрсөтүлөт. Мындан тышкары, заманбап технологиялар жана санариптик чечимдер сунушталат.

Үч күндүн ичинде шаар тургундары жана коноктору айыл чарбасындагы жаңы технологиялар жана ата мекендик өндүрүштүн жетишкендиктери менен тааныша алышат.

Последние новости