www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Кытай электр энергетикасы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган макулдашууга кол коюшту.

Документке 23-сентябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жумушчу сапарынын алкагында кол коюлду.

Макулдашууга Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков жана Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик энергетика башкармалыгынын өкүлдөрү кол коюшкан.

Документ электр энергетикасы жаатында кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, анын ичинде жашыл энергетиканы өнүктүрүү маселелери да талкууланды.

Последние новости