www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар айлыгы аздыгына нааразы

Бери жагы 40-50 миң долларлык кымбат баалуу унааларды айдаган Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыктарынын өлчөмүнө коомчулукта кызыгуу чоң экени талашсыз. Көбүнесе эл өкүлдөрүнүн басымдуусу маяналарын жашырып, ачык айтышпайт.

Анткен менен арасында элдин өкүлү болгон эмгегине айына канча акы алып жатканын жашырбагандар да бар экен. Мисалы, депутат Карамат Орозова массалык маалымат каражаттарынын бирине айлыгы 25 миң сом экенин айтса, Ата-мекенчи депутат Сайдулла Нышанов 31 миң сом колуна тиерин билдирген.

Ошондой эле Орозова эл өкүлдөрүнүн жумушу көп болгондуктан мындай сумма өтө эле аз экенин кошумчалаган.

Бирок коомчулукта парламент депутаттарынын маяналары туурасында түрдүү кептер айтылып келет. Аларга айлыгынан сырткары кошумча каражаттар дагы берилип тураары белгилүү. Мындан тышкары көпчүлүгүнүн көмүскө бизнеси бар экендигинен тышкары тигил же бул ишкердин кызыкчылыгындагы мыйзамга добуш берүүдө да “шабашка” кылары тууралуу сөздөр айтылып келет, - дейт "Жаңы Ордо" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости