www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатывалдиев да катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин депутаттары уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында кызматташуу маселелерин талкуулап, ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн мыйзамдарын жакындатууга багытталган моделдик мыйзам актылары боюнча пикир алмашышты.

Алсак 2022-жылы Армения ЖККУдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу, ЖККУнун жамааттык коопсуздугунун Кавказ аймагындагы аскердик-саясий абалы, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө баяндамалар угулду. Ошондой эле уюмдун алкагындагы башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, ЖККУ ПАнын Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча Туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян жана коргоо министри Сурен Папикян менен жолугушту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости