www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште «2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө жана «2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” максаттуу мамлекеттик программасынын долбоору боюнча Өкмөттүн маалыматы угулду.

Депутат Мирлан Бакиров сот органдарында 500 судья иштеп жатканын, сот тутумун өнүктүрүү программалары кабыл алынып, сот реформалары жүргүзүлүп, бюджеттен ири каражаттар бөлүнүп жатканына карабастан, калктын сот органдары менен судьяларга карата ишеними анча эмес экенин айтты. «Акыры, ар аракеттин кандайдыр бир оң натыйжасы болушу керек да. Тилекке каршы, сот тутумунда азырынча андай алгылыктуу жылыштар жок», - деди ал.

Жогорку кеңеште сот тутумун өнүктүрүү программаларын талкуулоо жол-жоболору улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости