www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Киргиздердин катарын толуктаган, эне тилде бир ооз сөз сүйлөй албаган, эл тагдырын чечимиш болуп жүргөн, жогорку кеңештеги балык депутаттардын катарын толуктап, акчанын күчү менен депутаттык такка “Ата Мекен” партиясынан келген Айсулуу Мамашова деген айым бар.
Ооба, тээ илгери мындай үлкөн, жоопту ишке тилинен чаң чыккан, эл үчун күйгөн,чыгаандар тагдыр чешчү эле. Ал эми азыр, оозунда айта турган сөзү жок, кийген кийимдерине мактанган сылаң короз, мактаныч үчүн депутат болгондор жок деп айтсак калыстыктан тайган болобуз.
Ошондой депутаттардын катарын толуктаган, атакесинин акчасы менен, тактап айтканда Дасмия ресторанынан түшкөн киреше менен адашып келип депутат болуп калган Айсулуу айым, кээде өз улутунун эмес, бөтөн улуттун тили менен бир нерсени кобураган болот. Бирок, анын берилүү менен элге күйүмүш болуп айткандарын теледен көргөн элет жериндеги карапайым калк түшүнбөй калып, башка каналга которгончо шашат десең.
“Эне тилин бибеген, элин сүйүп жарытпайт” деп айтылгандай, элин сүйүп, эл үчун күйгөн жан болсо, жети атасы сүйлөгон эне тилди үйрөнүп алат эле го.
Анан кантип, элге жарыгы тиймек эле?
Б.Б.Т
Булак: NazarNews.kg