www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору акыркы убакта мектеп жашындагы балдардын (7 жаштан 17 жашка чейин) орозо кармоосу кадимки көрүнүшкө айланып баратканын белгилейт.

Бирок, дарыгерлер изилдөөлөргө таянуу менен төмөнкү себептерден улам бул практикадан качууну катуу сунушташат:

Ден соолукка терс таасири: Мектеп жашындагы балдар физикалык жана психологиялык өнүгүүнүн маанилүү этабында турушат. Орозо кармоо тамактануунун жана уйкунун нормалдуу режиминин бузулушуна алып келип, бул алардын ден соолугуна жана жалпы абалына терс таасирин тийгизет.

Окуу жетишкендиктеринин начарлоо тобокелдиги: Тамактануунун жана уйкунун жетишсиздиги баланын топтолуу жөндөмүн, кунт коюусун жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Бул мектептеги жетишкендиктердин төмөндөшүнө жана окуунун жыйынтыктарынын начарлашына алып келиши мүмкүн.

Стресс жана ачуулануунун күчөшү: Азыктын жана уйкунун аздыгы балада стресс жаратат. Бул өз кезегинде баланын тез ачуулануусуна, нервтенүүсүнө жана эмоционалдык абалынын начарлашына себеп болот.

Иммундук системанын алсырашы: Жетишсиз тамактануу жана уйкунун канбагандыгы баланын иммундук системасын алсыратып, аны ар кандай инфекцияларга жана ооруларга туруштук бере алгыс кылып коёт.

Физикалык ден соолук үчүн коркунуч: Узак убакыт бою тамаксыз жана суусуз жүрүү баланын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн, өзгөчө бала чоңдордун көзөмөлүсүз калган учурда бул кооптуу.

Последние новости