www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте мугалим менен окуучунун ортосунда жаңжал чыккан. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-февралда «102» кызматына мектептердин биринде окуучу менен мугалимдин ортосунда чыр-чатак болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу жаңжал 1957-жылы туулган К.Б. жана 2010-жылы туулган М.К.нын ортосунда чыр чыккандыгын аныктаган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мугалим К.Б. окуучу М.К.га карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга, ал эми окуучу медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылганы белгилүү болду.
Учурда ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча акыркы юридикалык баа берилет.