www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева казак парламентинин жогорку палатасы – Сенаттын төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Азаттык билдирди. 

Бүгүн президент катары ант берген Касым-Жомарт Токаев Сенатты жетектөөгө Назарбаеванын талапкерлигин сунуш кылды.

55 жаштагы Дарига Назарбаева буга чейин Сенаттын эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетин башкарган. Ага чейин вице-премьер-министрдин кызматын аркалаган.

65 жаштагы Касым-Жомарт Токаев 20-мартта ант берип, президенттик кызматка киришти. Коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев 19-мартта бийликтен кетерин жарыялап, «президенттин бул мөөнөтү бүткөнчө» мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге берген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости