www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ленин районунан Жогорку Кеңешке бир мандаттуу шайлоо округунан 30 талапкер катышып Дамира Низалиева 6242 добуш алып жеңген. 

Бирок, анын жеңиши күмөн жаратып, Низалиеванын үгүттөөчүлөрү акча таратып жатканы тууралуу маалыматтар тарап, БШК бул жагдай иликтенип жатканын билдирген. 

Мына эми болсо, шайлоого адамдарды алып келүү боюнча Роман Уметбеков деген үгүттөөчү менен акча тууралуу сүйлөшкөнү тарап жатат.

Сыягы, бул шайлоодо Низалиеванын жеңиши жокко чыга турган болуп калды көрүнөт. Мыйзам ушундай жерде иштебесе качан иштейт. 

Эгер, Дамира Низалиеванын мыйзам бузганы аныкталып, фактылар далилденип жеңиши жокко чыгарылса, 2070 добуш менен экинчи орунду алган Улан Сариев депутат болуп калышы мүмкүн. 

Себеби, шайлоону таптакыр жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөзгөнгө каражат керек. Ага караганда экинчи орун алганга мандат берүү каржы көйгөйүн жаратпайт. 

Анын үстүнө буга дейре Бишкек шаарынын Свердлов районунан биринчиликти алган Муртазалиевдин жеңишин акча тараткан деген кине менен жокко чыгарып, мандатын Атазовго алып берген мисал бар. 

Айткандай, 28- майда өткөн шайлоого эл өтө аз келди. 

БШКнын маалымдашынча,125 908 шайлоочунун 17 миң 425 гана келген. Башкача айтканда, болгону 
13,95% гана катышыптыр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости