www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын армиясы түркиялык Bayraktar учкучсуз аппараттарын коротуп бүтүштү. Бул тууралуу Business Insider жазды.

Басылманын маалыматына караганда россиялык аскерлер Украинадагы баардык Bayraktarды жок кыла алышты. 

Аналитик Сэмюэль Бендеттин айтымында «Bayraktar TB2 дрондору каршылаш тарап абадан коргонуунун татаал системасын колдоно албаган жана радиоэлектрондук каражаттары алсыз болсо ийгиликтүү согуша алышат». 

Бирок Россия аскерлери кыска аралыкта украиналыктардын карамагындагы дрондордун дээрлик баардыгын талкалап сала алышты.  
«Жапыз жана жай уча турган Bayraktar абадан коргонуунун сапаттуу куралдарына туш келип калса бутага оңой илинээрин» белгилеген Бендетта, «Ливиядагы жана тоолуу Карабактагы чыр-чатактарда бул ачык далилденгенин билдирди». 

Түркия 2018-жылдан бери Украинага «Baykar Makina» жеке компаниясына таандык Bayraktar ТB-2 дрондорун соодалап келет. 

Буга чейин Россия ТИМи «Украинага курал-жарак жана техникаларды берип жаткан Түркиянын тынчтык келишими туурасындагы сүйлөшүүлөрдө ортомчулук позицияны кармоо» ниетине карама-каршы келип жаткандыгын билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости