www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилик курамы өздүк курам арасында адеп-ахлактык өнүгүү боюнча лекцияларды өткөрүүдө.  Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кызматтын жетекчилик курамы президенттин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында түзүм бөлүмдөрүндө атайын сабактарды уюштурууда. Бүгүн, 29-майда ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук аппаратында өздүк курам үчүн «Манас» эпосу жана анын өзгөчөлүктөрү аталышындагы окуу-лекциясы өткөрүлгөн.

«Иш-чарага ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов, Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелс Белеков, «Бакдөөлөт» фондунун президенти Мелис Мураталиев жана Күзөт кызматынын өздүк курамы катышкан. 

Окуу-лекциянын жүрүшүндө «Бакдөөлөт» фондунун президенти Мелис Мураталиев угуучуларга «Манас» эпосунун буга чейин айтылбай келген кызыктуу фактыларды белгилеп, ошондой эле дүйнөлүк чыгармалар боюнча токтолду», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, бул иш-чарадан сырткары, 23-26-май күндөрү Күзөт кызматынын Бишкек шаарындагы түзүм бөлүмдөрүндө ИИМдин Күзөт кызматынын башчысынын орун басары Алмазбек Жумабековдун катышуусунда окуу-лекциясы өткөрүлгөн.

Аталган иш-чарага Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү жана «Бакдөөлөт» коомдук фондунун мүчөлөрү келип «Улуттук нарк», «Адамдын өзгөрүүсү», «Инсандын келечеги» аталышындагы лекцияларды өтүп, адамдын руханий өнүгүүсү боюнча кеп-кеңештери менен бөлүшкөн.

Белгилей кетсек, мындай сабактар Күзөт кызматынын бардык түзүм бөлүмдөрүндө өткөрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости