www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 1-курсунунун студенттеринин студенттердин катарына кошулуусуна арналган салттуу иш-чара Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү. Аталган иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жаңы дем, жаңы күч, жаңы идеялары ичине батпай турган 1-курстун студенттерин студенттердин катарына кошулуусу менен куттуктап, аларды убактыларын туура пайдаланып, учурунда терең  билим алууга чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

"Маалыматтык технологиялар күч алып, санариптештирүү менен роботтошуу туташ өнүгүү жолуна түшкөн маалда заман агымынан калбай билим алып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу студенттердин, дегеле билимге умтулган жаштардын негизги ой-тилек, милдети болууга тийиш. Жаштары билимдүү өлкөнүн келечеги жаркын болору талашсыз",- дейт Ч.Турсунбеков.

Санариптик технология кеңири колдонулуп, жогорку интелектке ээ роботторду куруу багытында дүйнө өлкөлөрүндө билим берүүнүн багыты кандай нукта уланып жатканы туурасында маалымат берген Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандагы билим берүү да мына ушул багытта өнүгүүгө тийиш экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз улуттук университетинин студенттери салтанаттуу ант беришип, жалындуу курак, жаштык жигери менен жуурулушкан студенттик күндөргө сапар алышты. Студенттердин катарына кошулууга арналган иш-чара көркөм бий, шаңдуу ыр-күүлөр менен коштолду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости