www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыңгыз Айдарбеков БШКга арыз жазды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, №21 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Чыңгыз Айдарбеков Борбордук шайлоо комиссиясына мандат берүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

"Бүгүн, 2026-жылы 13 апрелде мен Борбордук шайлоо комиссиясына мага мандат берүү тууралуу арыз тапшырдым. Бир айдан ашык убакыт өттү. Ошондон тарта БШК бир да расмий жооп мага берген жок. Мен 10-марттан бери КР ЖКтин 8-чакырылышынын депутаттыгына расмий талапкер экеним анык, ага өзгөчө макам бар", - деди Айдарбеков.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 10-мартында БШК Ички иштер министрлигине (ИИМ) Чыңгыз Айдарбековго сот тарабынан жаза берилгенби же жокпу деген маалыматкат берүүнү өтүнгөн. ИИМ БШКга Чыңгыз Айдарбековдун соттуулугу жок экенин билдирген кат жөнөткөн.

10-мартта Кубанычбек Конгантиев депутаттык мандатын тапшырган. Анын ордуна мандат добуштардын саны боюнча Чыңгыз Айдарбековго мандат берилиши керек. БШК Айдарбековдун соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатканын кабарлаган. Айдарбековдун өкүлү ИИМ Чыңгыз Айдрабековдун соттуулугу жок деген маалымат жөнөткөнүн билдирди.

 

Последние новости