www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүүгө, генерацияны жана энергиянын альтернативдүү булактарын көбөйтүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Энергетика министрлигине бир катар тапшырмалырды койгон.

Буга ылайык, энергетика министри Т.Ибраевдин жетектөөсү менен Энергетика министрлиги керектөөчүлөрдүн саны өскөндүгүнө байланыштуу калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, энергетикалык дефициттен чыгуу максатында бир катар реформаларды жүргүзүп, тармакты өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду активдүү ишке ашырууда.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03 МВт болгон 13 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда. Өндүрүлгөн электр энергиясы жылына болжол менен 348,3 млн. кВт саатты түзөт. Алар:

Чүй облусу

• 1. Кең-Төр-1 0,63 МВт

• 2. Сокулук-3 9,5 МВт

• 3. Туюк 5,9 МВт

• 4. Кичи-Кемин 7,1 МВт

Ысык-Көл облусу

• 1. Орто-Токой 21 МВт

• 2. Түп 9 МВт

Жалал-Абад облусу

• 1. Сары-Таш 4,6 МВт

• 2. Кайнама-2 4,8 МВт (ишке кирген)

Талас облусу

• 1. Урмарал 1,6 МВт

Ош облусу

• 1. Көңдүк 5,3 МВт

• 2. Алай Гидро 4,4 МВт

Баткен облусу

• 1. Лейлек 6 МВт

Нарын облусу

• 1. Куртка 1,2 МВт

Эске салсак, 2021-2025-жылга чейин жалпы кубаттуулугу 109,8 МВтты түзгөн 27 чакан ГЭС ишке берилди. Өндүрүлгөн электр энергиясы жылына болжол менен 427 млн. кВт саатты түзөт.

Мындан тышкары, 2026-2030-жылдарга чейин жалпы кубаттуулугу 421,26 МВт болгон 48 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда.

Энергетика министрлигинин негизги маскты - коюлган палнга ылайык ыкчам иш алып барып, жакынкы жылдары Кыргызстанды электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөлөрдүн катарына кошуу.

Последние новости