www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чубак ажы:

Чубак ажы Жалилов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, мечитти обсервацияга имарат катары берүүгө даяр экенин билдирди. 

"Пайгамбарыбыздын (сав) хадисинде: "Ким жалпы элдин көйгөйүн өзүнүн көйгөйү деп билбесе ал бизден эмес!" деп айтылган.

Урматтуу саламаттыкты сактоо министрлиги! Урматтуу штаб мүчөлөрү!

Эгерде зарылчылык болсо, жардам катары биздин мечитибизди обсервацияга имарат катары берүүгө даярбыз.

Мечитибизде быйыл толук ремонт болгон: акталып, сырдалган. Ичинде кондиционерлери бар. Дааратканасы сыртта. Жылуу суусу бар. Централдык канализацияга кошулган.

Дарыгерлерге ылайыктуу дааваткана кабинети бар. Тамак жасап ичкенге ылайыктуу дагы бир кабинет бар.

Ибрахим (алейхи салям) пайгамбарды отко салган учурда ар ким колунан келген аракетин көрүп куткаргысы келип жатса бир чымчык оозуна суу толтуруп барып отко төгөт. Аны көргөндөр күлүп: "Ай, сенин ошол сууңа ошончо от өчөбү?" - десе, "Аны билбейм бирок мен колуман келген аракетти кылып жатам. Ар ким колунан келгенине жооп берет" - деген сыңарындай биздин дагы колубуздан келгени ушул.

Аллах Таала элибизди ар кандай балээлерден, оору-кырсыктан сактасын!", - деп жазган Чубак ажы Жалилов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости