www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүтүрүүчүлөргө дагы бир мүмкүнчүлүк берилди

Айрым бүтүрүүчүлөр ар кандай себептер менен Жалпы республикалык тестке белгиленген мөөнөттө катыша албай калгандыктан, кечиктирилген тест өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Кечиктирилген тест тапшыруу 13-14-июлда Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Тестке каттоо (кайрадан каттоо) 6-10-июлда төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:

Бишкек шаарында — №24 мектеп-гимназиясында. Дареги: Тыныстанов көчөсү, 110

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында (Ош шаары, Сагынбек Супаналиев көчөсү, 308)

Кечиккен тестти 2020-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер тапшыра алат.

Эгерде абитуриент 2020-жылы каттоодон өтүп, бирок ар кандай себептер менен тестке катыша албай калса жана анын катталган номери бар болсо, анда ал аталган жерлерден кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш.

Мындай абитуриенттер 3-форманы (тестке кирүү формасын), кабарлоо баракчасын жана өздүгүн күбөлөндүргөн документин милдеттүү түрдө алып келиши керек.

2020-жылы жалпы республикалык тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттер кайра катыша албайт.

Каттоого керектүү болгон документтер:

Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы. Тестке каттоо акысы 370 сомду түзөт;

Ким экендигин күбөлөндүргөн документ (паспорт же аскердик күбөлүк); Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк жарабайт.

3х4 сантиметр өлчөмүндөгү эки сүрөт;

Мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн орто билим жөнүндө аттестаттын түп нускасы же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы.

2020-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектептен алынып, директордун колу жана мектептин мөөрү басылган маалым катты (справка) тапшырыш керек. Маалым катта абитуриенттин сүрөтү чапталып, сүрөттө окуу жайды мөөрү басылышы милдеттүү түрдө талап кылынат.

Жогорудагы документтердин бири гана жок болсө каттоо жүргүзүлбөйт!

Абитуриенттин предметтик (бир же бир нече) тестти тандашы тапшыра турган адистигине жараша болот. Предметтик тесттер химия, биология, англис тили, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты предметтерин камтыйт. Абитуриенттер өз тандоосу менен тестти кыргыз же орус тилдеринде тапшырса болот.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости