www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде эмне көп? Албетте, бейөкмөт уюмдары (НПОлор) көп. Алардын ичинен эң «адекватная» саналган, орундуу ойлору менен элге жагып, парламентке чейин депутат болуп шайланып келген, а бирок түпкүрүндө ошол эле эски образы менен калган Чолпон Жакупова акыркы убакта башкача болуп калды.

Дегенибиз, баягы акылдуу аялдын образынан чыгып, кадимки «истеричка» образына кирди. «Истерика» болуп жатып, стресске кабылып, Данияр Усеновдун (Урицкий) аялы, кыйышпас «подружкеси» Динара Исаева менен Дубайды көздөй эс алганы жөнөптүр. Анчалык эмнеге стресс болду экен десек, көрсө ал океандын ары жагындагы кожоюндары айткан деңгээлде НКО мыйзамына каршы иштебей коюп, алар акча бөлүп берүүдөн жана кызматташуудан баш тартып жатышыптыр.

Мындай «суук кабарды» Жакупова жакында АКШнын Кыргызстандагы элчилигине кирип чыкканда укту. Ошондон улам чоң стресске кабылган Жакупова Динара Урицкаянын, «тоюс» Исаеванын этегине жармашып, чет мамлекетке барып, нервин калыпка келтирип келүүнү чечиптир.

Булак: "Мантыш"

Последние новости