www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Чолпон- Ата шаарында, парус спорту боюнча Борбор Азиянын чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-майда мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты. Ал өз сөзүндө чемпионат жаш спортсмендер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана ынтымакты бекемдей турганын белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Мелдеш “Круиз” яхт- клубунун базасында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортсмендер катышып жатат.

Чемпионаттын программасына балдардын “Оптимист” классынан тартып, жогорку ылдамдыктагы Faraest-23 килдик яхталарына чейин эл аралык беш класстагы жарыштар кирген.  Калыстар тобунун курамына Кыргызстан, Түркия жана Россия мамлекеттеринин эл аралык эксперттери тандалды.
Мелдештер 21-майга чейин уланат.

 

Последние новости