www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Чүй облусу,Москва районунун Беловодское айылында жайгашкан №3 жана №4 мектептердин 300 окуучуга ылайыкталган кошумча корпустарынын курулуш объекттериндеги топурактын сапатын текшерди.
Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө сыноо лабораториясынын адистери топурактын сапатын жана анын белгиленген курулуш талаптарына, техникалык нормаларга шайкештигин аныктоо үчүн бир катар сыноолорду жүргүздү.
Аталган иш-чаралар курулуп жаткан объектилердин ишенимдүүлүгүн, туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоого багытталган.