www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагындагы «BBNJ First Movers» жогорку деңгээлдеги иш-чарасына катышты.

Министр өз сөзүндө улуттук юрисдикциядан тышкаркы аймактардагы деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу жөнүндө келишимдин күчүнө киришинин тарыхый маанисин белгилеп, аны натыйжалуу жана эл аралык кызматташтыктын негизинде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан аталган келишимге 2025-жылдын 17-июлунда кол коюп, ошол эле жылдын сентябрь айында ратификациялаган. Келишим өлкө үчүн 2026-жылдын 17-январында күчүнө кирген.

Акыл Токтобаев Кыргызстандын деңизге түз чыга албаган өлкө экенине карабастан, Дүйнөлүк океанды сактоону эл аралык коомчулуктун жалпы жоопкерчилиги катары карай турганын айтты.

Ошондой эле океандар, тоолор, мөңгүлөр, дарыялар жана кургактыктагы экосистемалар өз ара байланышкан бирдиктүү жаратылыш тутумунун ажырагыс бөлүктөрү экенин белгиледи.

 

Последние новости