www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбос менен жолугушту.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда кыргыз-кипр мамилелерин өнүктүрүү, саясий диалогду улантуу жана аны үзгүлтүксүз, мазмундуу жүргүзүү маселелери талкууланды.
Кыргыз тарап эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун ортосунда саясий консультациялардын биринчи айлампасын өткөрүүнү сунуштап, эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Инвестиция, туризм, айыл чарба, транспорт жана логистика, энергетика жана маалыматтык технологиялар тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүсү жана Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо маселелери талкууланды.
Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев Кипр тарапты 2027-жылы өтө турган «Бишкек +25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.