www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадан мыйзамсыз товар алып өтүүгө бөгөт коюлду

Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунан ири партия менен товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө жол берилген жок. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Казакстан Республикасынан багыт алган, 1988-жылы туулган А.М.В. аттуу кыргыз жараны башкарган "Volvo Truck" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, тийиштүү товар коштомо документтери жок эл керектөөчү товарлар менен көзөмөл-өткөрмө пунктуна келген», - деп айтылат маалыматта.

Кароо учурунда тиричилик буюмдары, кабель, курулуш шаймандары, кондитердик азыктар, кофе, бут кийимдер жана эл керектөөчү буюмдар табылган.

Жүктүн алдын ала баасы 18,5 миллион сомдон ашат.

Териштирүү үчүн транспорт каражаты, айдоочу жана жүк компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлдү.

Последние новости