www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда кудукка түшүп кеткен жаран, ал жакта 16 күн жаткан. Окуянын чоо-жайын ӨКМдин полковниги Орозбек Пазылов айтып берди. 

Окуя 22-мартта болгон. Баткен шаарынын 65 жаштагы тургуну суунун аз чыгып жатканынан улам, 18 метрлик кудугуна түшкөн. 

“Тургун кудукка 6 метрден жасалган үч шаты менен түшүп-чыгып турган. Ошол күнү түшүп чыгарда астыңкы шатынын буту сынып кеткен. Тереңдик 18 метр, 4 кабаттуу үйдөй эле... Кудук эски тамдын короосунда болгондуктан, кишинин кыйкырганын эч ким уккан эмес, үнү да бүтүп калган. Ошентип кудукта суу ичип 16 күн жаткан”, — деди полковник. 

Ал 16-күн дегенде короого балдар ойноп келип калып кишинин жардам сураганын угуп калышкан. 

ӨКМге маалымат 6-апрель саат 16:44тө түшүп, Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары келишкен. Жабырлануучуну кудуктан чыгарышып, ооруканага жеткиришкен. ӨКМ кызматкери киши суукта көп отуруп калганын, абалы канааттандырарлык экенин кошумчалады. 

Последние новости