www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын областынын Жумгал райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Чаек айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдары кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, 2022–2023-жылдар аралыгында жарандардын арыздарысыз, белгиленген кезектүүлүктү сактабай, калктуу конуштар аймагынан жалпы аянты 2,35 гектар болгон жер тилкелерин жарандарга мыйзамсыз жеке менчикке бөлүп беришкен.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.