www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистан менен Пакистан бир убакта аскердик аракеттерин токтотконун жарыялашты. Тараптар Катар, Түркия жана Сауд Арабиясынын өтүнүчү менен мусулмандардын Орозо айт майрамынын алдында убактылуу тынчтык келишимине келишти.

Афган өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Муджахид X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Афганистан Пакистанга каршы согуш аракеттерин убактылуу токтотконун билдирди.

Буга чейин Пакистан да Афганистанга каршы согуш аракеттерин убактылуу токтотконун жарыялаган. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат жана телерадиоберүү министри Аттаулла Тарар X тармагында билдирген. Анын айтымында, Пакистан бул чечимди Сауд Арабиясы, Катар жана Түркиянын өтүнүчү менен кабыл алган. Тыныгуу 19-март түнүнөн 24-март түн ортосуна чейин уланат.

Тараптар убактылуу ок атышууну токтотууну алдыда келе жаткан Орозо-майрам (Ид аль-Фитр) майрамына байланыштуу кабыл алышты. Бул майрам быйыл 19-марттан 20-мартка караган түнү белгиленет.

Орозо айт — мусулмандардын эң маанилүү эки майрамынын бири болуп, ыйык Рамазан айындагы орозонун аякташын билдирет.

Афганистан Пакистанга каршы аскердик операцияны 2026-жылдын февраль айынын аягында баштаган. Операция пакистандык аскер чөйрөлөрү тарабынан жасалган кылмыштарга жана козголоң аракеттерине жооп катары башталган.

Последние новости