www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министри Алтынбек Рысбековдун маалыматына ылайык, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 200 миллион кубометрди түзөт. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 700–750 миллион кубометрге аз. Министр күз-кыш мезгили башталганга чейин суунун көлөмүн кеминде 11,5 миллиард кубометрге жеткирүү пландалып жатканын билдирди.

Бирок быйыл кышында кар калың түшүп, жаз-жай мезгилинде жаан-чачын да мол болду. Мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши, жаандын көп жаашынан керек болсо быйыл сел көп жүрдү. Мындай шартта Токтогул суу сактагычына кирген суунун көлөмү былтыркыдан көбүрөөк болушу күтүлмөк. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө топтолгон суу өткөн жылга караганда аз болуп жатканы таң калтырат. Демек, суунун олуттуу бөлүгү өлкөнүн аймагында сакталбай, төмөнкү агымдагы мамлекеттерге көбүрөөк көлөмдө өткөрүлүп жаткан болушу мүмкүн деген суроо жаралат. Бул боюнча ачык жана так маалымат коомчулукка жеткиликтүү болбой жатат.

Суу ресурсу – Кыргызстандын эң маанилүү стратегиялык байлыгы. Сууну туура башкаруу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу менен түздөн-түз байланыштуу. Суу жетиштүү топтолбосо, күз-кыш мезгилинде ГЭСтер электр энергиясын мурдагыдай көлөмдө өндүрө албай калат. Натыйжада өлкө сырттан электр энергиясын сатып алууга аргасыз болуп, импортко болгон көз карандылык күчөйт. Мына быйыл дагы сырттан 4 миллиард киловат-сааттан ашык электр энергиясын сатып алууга мажбурбуз.

Эгер быйылкыдай суусу мол жылдары да стратегиялык запасты көбөйтүү мүмкүн болбой жатса, анда кургакчылык болгон жылдары абал мындан да оор болушу мүмкүн. Демек, суу ресурстарын башкаруу натыйжалуу болбой жатат десек жарашат. Дегенибиз, суу мол жылдары максималдуу көлөмдө суу топтоп, ички керектөөнү өз ресурстарыбыз менен камсыздоого артыкчылык берүү зарыл эле. Болбосо, жылдан жылга сырттан электр энергиясын сатып алууга кеткен чыгым өсүп, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жетүү кыйындай берет.

Ошондуктан мамлекеттик органдар Токтогул суу сактагычына канча көлөмдө суу киргени, канчасы электр энергиясын өндүрүүгө пайдаланылганы жана канча көлөмү коңшу өлкөлөргө өткөрүлгөнү боюнча толук жана ачык маалымат берип турушу маанилүү. Ачык-айкындык гана коомдогу суроолорго жооп берип, энергетикалык саясатка болгон ишенимди бекемдей алат.

Последние новости