www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын 19-октябрдагы ракета сыноосуна байланыштуу чукул жыйын өткөрөт. Бул тууралуу жапониялык NHK телеканалы кабарлайт. Маалыматка караганда, бул маселе боюнча жабык жыйын өткөрүүнү Улуу Британия, АКШ жана Франция өтүнгөн.

Күн мурун Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары Пхеньян суу астында сүзүүчү баллистикалык ракетанын "жаңы түрүн" (SLBM) ийгиликтүү сынаганын маалымдаган.

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KCNA) ракетада "башкаруунун жетектөөчү көптөгөн технологиялары" бар экенин билдирди. Ага ылайык, ракета Корей жарым аралынын чегинен алыс жайгаштырылууга жана анын аскердик базаларына чабуул болгон учурда жооп кайтарууга мүмкүндүк берет.

Коопсуздук кеңешинин резолюциялары менен Пхеньянга өзөктүк курал жана баллистикалык ракеталарды жасоого тыюу салынган. Бул үчүн санкциялар киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости