www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-августта Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыз-даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө Жобо бекитилди.
Жобого ылайык, жумушчу топ БШКнын алдында 7 адамдан ашпаган, ал эми округдук жана аймактык шайлоо комиссияларынын алдында кеминде 5 адамдан турган курамда түзүлөт.
Жумушчу топ арыздарды алдын ала талдап, тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, чечимдердин долбоорлорун даярдайт. Кайрылуулар 2 күндүн ичинде каралат. Зарыл болгон учурда бул мөөнөт 4 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Ал эми добуш берүү күнү жана ага чейинки күнү келип түшкөн арыздар токтоосуз каралат.
Кайрылууларды кароонун жүрүшү протоколдоштурулуп, кабыл алынган чечимдер тууралуу тараптарга маалымдалат. Чечимдер БШКнын расмий сайтына жарыяланат.
Ошондой эле жыйында шайлоо жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр киргизилди.
Өзгөртүүлөр Жобонун айрым нормаларын колдонуудагы терминологияга жана шайлоо комиссияларынын ишин уюштурууга ылайык келтирүүгө, ошондой эле арыздар менен даттануулардын электрондук реестрин жүргүзүүнү укуктук жактан так жөнгө салууга багытталган.
Мындан тышкары, округдук шайлоо комиссияларынын арыздарды жана даттанууларды кароого катышуусуна байланыштуу жоболор такталды.