www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилия Жогорку Соту мурдагы президент Жаир Болсонаронун операция жасатуу үчүн убактылуу түрмөдөн чыгып кетишине уруксат берди, деп билдирди Рейтер агенттиги.

Сот 20-декабрда Болсонаронун адвокаттарынын аны ооруканага алып барууга уруксат берүү өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды. Ошол эле учурда, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылды.

Учурда 27 жылдык түрмө жазасын өтөп жаткан Болсонару грыжасын алып салуу операциясынан кийин түрмөгө кайтарылат.

70 жаштагы Болсонарунун ден соолугунда өнөкөт көйгөйлөр бар. Атап айтканда, ал 2018-жылдагы шайлоо өнөктүгү учурунда курсагына бычак сайылгандан улам бир нече жолу операция жасалган. Ошондой эле сентябрь айында ага рак диагнозу коюлганы жана алгачкы стадиясында табылган эки залалдуу шишик алынып салынганы кабарланган.

Эске салсак, Бразилиянын Жогорку Соту Жаир Болсонаруну аскерлердин катышуусундагы төңкөрүштү уюштурууда күнөөлүү деп тапкан. Ал 2023-жылдын январында Лула да Силванын бийликке келишине тоскоолдук кылууга аракет кылган деп айыпталууда. Бирок, Болсонаро күнөөсүн мойнуна албайт, муну саясий куугунтук деп атайт.

12-сентябрда ал төңкөрүш жасоого аракет кылгандыгы үчүн 27 жыл 3 айга эркинен ажыратылган. Бул иште анын дагы жети жакын адамы, анын ичинде жогорку даражалуу министрлер жана чиновниктер да күнөөлүү деп табылган.

Мухаммад Хадиев, Ташкен

Последние новости