www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украиналык активист Екатерина Гандзюктун өлүмү үчүн Болгариянын соту шектүү деп кармалган Алексей Москаленкону 40 күнгө камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу РИА новости жазды.

Маалыматка таянсак, буга Украинанын прокуратурасы берген Интерполдун кызыл түстөгү эскертүүсү түрткү берди. Кылмышка шектүү 42 жаштагы украин жараны Москаленко 24-январда Болгариянын Бургас шаарында кармалган.

2018-жылы полиция шектүү Болгарияга Румыния аркылуу өтүп келип, украиналык бир аял ижарага берген батирде жашап жүргөнүн билдирген. Ошондой эле Москаленко Интерполдун издөө жарыяланган адамдардын базасындагы сүрөтүнөн айырмаланыш үчүн сакал-мурутун өстүрүп алганы да белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Украинанын Херсон шаарынын мэринин мурдагы кеңешчиси болуп иштеген Екатерина Гандзюкка 2018-жылдын 31-июлда өз үйүнүн жанында белгисиз адамдар тарабынан кол салынып, көзү көрбөй калган. Мындан улам 2018-жылдын 4-ноябрында ооруканада көз жумган.

Булак:NazarNews.kg  

Последние новости