www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия канцлери Ангела Меркель Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевди Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу анын уулу Кадыр Атамбаев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, куттуктоо баракчасын Германиянын Кыргызстандагы элчилигинен бүгүн эле алышты.

Ошондой эле, Кадыр Атамбаев Ангела Меркель Германиянын каалаган Жогорку окуу жайына окууганга чакыргандыгы үчүн да ыраазычылыгын билдирип өттү.

“Баары эле билет, канцлер Ангела Меркель менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда жалпы баалулуктар, саясий кызматтарга негизделген абдан жылуу карым-катнаш түзүлгөн...

Сооронбай Жээнбеков акыркы өткөргөн жыйынында кокусунан Германия ага саясий туткундардын маселеси боюнча басым жасап жатканын айтып алган. Ушул үчүн да Меркель айымга чоң ыраазычылык билдирем”,-деп мурунку президенттин уулу жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости