www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Украинага аскер жиберүү тууралуу сөздөрү америкалык аткаминерлердин кыжырына тийди. Бул тууралуу Bloomberg маалымат булагына таянуу менен РИА Новости жазды.

"Макрондун кеби Германиянын канцлери Олаф Шольцтун ачык сынына кабылып, америкалык аткаминерлердин кыжырын келтирди. Алар мындай кадам Москва менен кагылышууну жаратышы мүмкүн экенин белгилешкен", — деп айтылат маалыматта.

Февраль айында Макрон Евробиримдиктин мамлекет башчылары Украинаны орто жана алыс аралыкка атуучу ракеталар менен камсыздоочу "тогузунчу коалицияны" түзүүнү макулдашканын билдирген. Анын айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Украинага аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан. Азырынча консенсуска келишпегени менен бул нерсени жокко чыгарууга да болбой турганын айткан.

Макрондун кебин НАТОдогу бир катар өнөктөштөрү, анын ичинде Германия, ошондой эле Франциянын өзүндөгү саясий күчтөр да сынга алды. Бардык саясий партиялардын лидерлери президентти "Парижди чыр-чатакка жана жеңил ойлуулукка сүйрөп кетти" деп айыпташууда. Президентти парламент менен кеңешпегени үчүн да жемелеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости