www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди.

Ал эл өкүлүнө 10 миң сомдук доо койгонун Sputnik кабарчысына билдирди.

"Министрлер кабинетинин мүчөлөрү негизсиз сынга кабылып келет. Парламенттин депутаттары жекеликке дагы өтүп кетишет. Мен муну токтоткум келет. Ал кедей депутат болгондуктан 10 миң сомдук доо койдум. Мени акча кызыктырбайт. Соттон утуп алсам бул каражатты балдар үйүнө же кимдир бирөөнүн операциясына берем. Башында бир сомго доо коеюн дегем, бирок ал ойдон кайтууга көндүрүштү", — деди Бейшеналиев.

Министр буга чейин №47 түзөтүү колониясындагы адамдарга операция жасаганын мойнуна алып, бирок бейтаптын кандай статуска ээ экендиги аны кызыктырбай турганын белгиледи.

"Мен дарыгермин, Гиппократтын антын бергем. Биз чындап эле абактагыларга операция жасаганбыз. Ахунбаевдин клиникасынын дарыгерлери элге, абактагыларга кеңеш берип, керек болсо операция жасашат", — деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар экенин айткан. Эл өкүлү убагында Бейшеналиев кримтөбөл Рысбек Акматбаевге операция жасаганын, УКМК аны жоопко тартышы керектигин белгилеген.

Министр уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы жок экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости