www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, ак таңдай акыныбыз Элирбек Иманалиевди түбөлүк жайына бергенибизге бир күн болду. Сыздадык...ыйладык...кан жуттук...Өлүмгө байш ийбегенге арга жок. Кудайга керек экен деп өзүбүздү өзүбүз сооротуп олтуруп калабыз.  Тилекке каршы баарыбыздын бара турган жерибиз дайын жана даяр...Жүзүнөн нуру, тилинен балы тамган маркум ак таңдай акыныбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Бүгүн, залкар акынды эскерген белгилүүлөрдүн ой-пикирин ортого салууну чечтик.

Султан Раев:
“Элмирбек кезинде залкар адамдарды көргөн, алардын таалимин, өнөрүн алган, алардын алтын шилекейи чачыраган жигит. Ырларында болобу, төккөн айтыштарындабы нукура, кыргыздын көөнө маданиятына маани берген акындардын бири деп эсептейм. Ал ырдап жаткандагы ар бир кыймылынан, ар бир тынымынан, маанайынан, ар бир ишарасынан, деминен мен кыргыздын рухун, бийик маданиятын көрөм”.

Зайырбек Ажыматов:
«Элмирбек ким менен гана мамиле кылбасын, аны жакын досундай, жакын адамындай мамиле кылчу. Ал баарына тегиз, баарына ачык тийип турган жаркын күндөй жигит эле. Элмирбектин жан дүйнөсүндө биз сөз менен түшүндурүп айтып бере алгыс, керемет аска тоо, зоо болоор эле, ал ичиндеги арманын, өзү гана түшүнгөн баалуулуктарын ачылып-чачылып айтчу эмес. ...Балким ал айланасындагы адамдар башкачараак болушун каалагандыр, мүмкүн аны биз билген эместирбиз... Анан калса, анын жаштыгы, чыгармачылыгы коом, доор башаламан чалкештенген мезгилге туш келип калды, маданиятка анча маани берилбеген заманга туш келип калганына балким ичтен бук болгондур... Жан дүйнөсүндөгү жанардай болуп атылбай калган чыгармачылыгы бар экенин сезип буюгуп жүрө берген чыгаар... Анын бугу - мүмкүн мына ушулдур...”

Азамат Болгонбаев:
"Элмирбек Иманалиев - байыркылык менен азыркынын, илгерки менен бүгүнкүнүн ортосундагы чоң дипломат болгон деп эсептейм. Өнөрдүн өзү дипломатия. Бул адам дайыма аруулукту бийик тутуп келген. Себеби, кыргыздын негизги өзөгү маданиятында, балким биз азырынча ракета учура албайт чыгаарбыз, башка өнүккөн нерселерди жасай албайттырбыз. Бирок дүйнөлүк алкак бизди моюнуна ала турган нерсе - руханий баалуулугубуз. Биз ошол баалуулугузду качан жоготуп коюшубуз мүмкүн? Качан гана, Элмирбек Иманалиев айтмакчы, айтыш деген – бул конкурс эмес, бул – эки акындын баарлашуусу; ошол айтышты конкурс катары көрүп калганда, манасчылык өнөрдү 3 мүнөттүк концерттик номур катары көрүп калганда, комузчуларды шоу бизнестин бир өкүлү катары көрүп калганда – мына ошондо кыргыздын руханий жүзү өлөт. Муну мен неге айтып жатам? Кийинки учурда “Айтышты” айрым бирөөлөр бокс катары кабылдап калган, бир акынды бир акын жыга чапса экен, сөз менен шермендесин чыгарса экен…-дешип. А бирок мына Элмирбек ага түркий тутумдагы казак улутундагы, өзбек улутундагы, дагы башка улуттагы акындар менен канча айтышпасын, түпкү УЛУУЛУКТУ дайыма сактап айтышкан. Маселен казактын төрүнө барып казакка сын айткан, бирок ошондо да улуулук, аруулук, тазалык, бийиктик жана көөдөнүндө чогулган көрөңгө менен айтышкан".

Кубат Болотканов:
“Элмирбектин жан дүйнөсү таптакыр башкача эле. Кайсы бир жогорку кызматка бара калсам, кайсы бир чоңдордун эшигинин астында бөйпөңдөп бара калып сыйлык алып бер десем, бир маселелеримди чечтирип алсам…деген сыяктуу нерселер анын табиятына жат болчу. Менимче ал өзүнүн жашоодогу миссиясын түшүнчү, элди идеологиялык жактан жетелөөнүн куралы - бул төкмө акындар экенин ал даана сезчү. Ага саясый бирдемелерди айтып, “анте калалы…минте калалы” дештин өзү анын ар-намысын кордогондук, сыйлабастык катары эсептелинчү. Элмирбектин жанында майда-чүйдө нерсени сөз кылуунун өзү уят болчу...”.

Пикирлер, белгилүү журналист Эрнист Кыязовдун социалдык тармагындагы баракчадан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости