www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургунун үйүнөн өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициясынын 102 кызматына 11-июлда саат таңкы 5:30 чамаларында Нарвская көчөсүндөгү үйдүн жашоочусу каракталганы тууралуу кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-оперативдүү тобу келип, Л.Ф аттуу жарандан жазуу түрүндө арыз алышкан. Милициянын маалыматына ылайык, арызда ал жаран 11-июлда саат таңкы төрт чамаларында 20-30 жаштагы белгисиз кишилер үйдүн 1-кабатындагы терезени талкалап кирип, күч колдонуп анын, Д.Б аттуу күйөөсүнүн колун байлап баштыктагы жана 2-кабаттагы сейфтеги акчасын алып кетишкен. Арыз жазган аялдын күйөөсү карактоонун кесепетинен көз жумган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (“Карактоо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда каракталган акчанын суммасы такталып жатат. Ал эми кылмышка шектүүлөрдү тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттер уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости