www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Бишкектин Түштүк дарбазасы аймагында курулуп жаткан жаңы мечиттин баасы тууралуу кызуу талкуу жүрүүдө.

Маалыматка караганда, долбоордун баасы 55 миллион долларды түзөт.

Айрым шаар тургундары мындай көлөмдөгү каражатка борбор калаада мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды жана поликлиникаларды куруу зарыл экенин белгилешүүдө.

Өзгөчө калк саны өсүп жаткан жаңы конуштарда социалдык объектилерге муктаждык жогору экени айтылууда.

Ал эми башка жарандар мечиттин курулушу жеке демөөрчүнүн каражатынын эсебинен ишке ашырылып жатканын айтып, каражатты кайсы багытка жумшоону демөөрчү өзү чечүүгө укуктуу экенин белгилешүүдө.

Талкууда Кыргызстанда, анын ичинде Бишкек шаарында мечиттердин саны жетиштүү экени, ошол эле учурда социалдык инфраструктурага болгон муктаждык дагы эле сакталып жатканы тууралуу пикирлер айтылууда.

Учурда бул маселе коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып, социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

Последние новости