www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жашыруун баңгизат лабораториясы аныкталып, төрт килограммдан ашык баңгизат алынды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21 жаштагы Д.Г. өз ыктыяры менен өзгөчө жыты бар, гашиш майына окшош суюктук салынган шприцти тапшырган. Аталган заттын жалпы салмагы 12,98 граммды түзгөн. Экспертизага ылайык, алынган зат каннабис майы делип, салмагы 5,86 граммга жеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш иши козголду.

"Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 32 жаштагы А.Л. кармалган. Шектүү батирди баңгизат лабораториясы катары жабдып, аларды өндүрүү жана таратуучу жай уюштурган", — деп айтылат маалыматта.

Тинтүү жүргүзүлгөн учурунда салмагы 3,7 килограмм каннабис майы, 2,33 грамм наркотикалык зат аралашкан тамеки, 293 курамында каннабистин белгилери бар тамеки буюмдары табылган. Ошондой эле баңгизатты мыйзамсыз таратуу үчүн колдонулган Telegram-канал аныкталып, жоюлган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Последние новости