www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Ак-Суу районунда болгон каргашалуу окуяны терең кайгыруу менен кабыл алып, турмуштук оор кырдаалга кабылып калган өспүрүм кыздын ишин жеке көзөмөлүнө алды. 

Акыйкатчы укук коргоо органдарын бул ишти тыкыр иликтеп, калыс укуктук баа берүүгө чакырат.

Андан сырткары, төрт баланын энесинин өлүмүнө байланыштуу текшерүү жүргүзүү зарылдыгын белгилейт. 

Ошону менен катары эле Жамиля Жаманбаева маркум келиндин артында калган балдарынын укуктарын коргоо  жана аларга социалдык көмөк көрсөтүү боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырат. 

Жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, өспүрүм кыз М.Ж.нын 16-жумалык боюнда бар. 

Райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, 25-февраль күнү кыздын боюнда бар экени боюнча ооруканадан кабар түшкөндөн кийин милицияга чакырылган. Бирок, апасы суракка катышуудан баш тартып, суу сатып келүү үчүн дүкөнгө чыгып кеткен. Анын ордуна Ак-Суу райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын кызматкеринин катышуусунда сурак жүргүзүлгөн. 

Аял Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн унаа токтотуучу жайында өзүнө өзү өрт коюп жиберип, алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон. Маркум 40 жашта болгон. 

Окуя тууралуу маалым болору менен Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү дароо жерине барып, өспүрүм кыздын, ошондой эле каза болгон аялдын башка жашы жете элек балдарынын укуктарын коргоо максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш жүргүздү.  

26-февралда Акыйкатчы Институтунун Ысык-Көл обулусу боюнча өкүлү балдарга барып кабар алып келди. 

Үй-бүлө Ак-Суу районунда жашайт. Боюна бүтүп калган өспүрүм кыз М.Ж. үй-бүлөнүн улуусу, кесиптик лицейде окуйт. Анын 15 жана 6 жаштагы эки сиңдиси жана 14 жаштагы иниси бар.

Аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турган. Апасы балдарына 2018-жылдан бери жөлөкпул алып келген.

Жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматы боюнча, кайрымдуулук фонддордун жардамы менен өткөн жылы жалгыз бой энеге үй салынып берилген. Ошондой эле айыл өкмөтү да материалдык жардам көрсөтүп турган. 

Балдардын ата-энеси ажырашып кетип, аял 4 баланы жалгыз тарбиялап келген. 

Учурда балдар таежесинин камкордугунда. Жакынкы убакта мамлекет расмий камкорчу маселесин чечет.

Кош бойлуу өспүрүм кыз да учурда туугандары менен үйүндө.

Последние новости