www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте эки белгисиз адам банктын филиалын тоноп кетишкени тууралуу маалыматты Октябрь райондук ИИБнин басма сөз кызматы билдирген.

Баштапкы маалыматтар боюнча, каракчылар бүгүн эртең менен саат 08:00дөр чамасында Сухэ-Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан банктын филиалын тоношкон.

Күч органдары “ЭкоИсламикБанк” тонолгонун маалымдашкан. Алдын алынган маалыматтар боюнча банктан миллиондон ашык акча уурдалган.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде “Уурдоо” беренеси боюнча катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Карактагандар, беткапсыз, куралы жок эле тоноп кетишкен менен, милиция учурда кылмышка шектүүлөрдүн сүрөттөрүн, тоноп жаткандагы видеону тарката элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости